Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Башкалардын ийгилигин көрө албаган, өзүнөн башкаларга жакшылык каалабаган, өзүмчүл. Ичи тар, кара мүртөз ата-бабаларынан берки сөөлөтүн казалга айлантпасыңды билип ызырынууда (Бейшеналиев). Сенин ичиң тар, өзүмчүлсүң (Бердикеев). 2. Кызганчаак, абдан кароо, териси тар. Менин ичим тар, байкап жүр деп, күлүп койду («Чалкан»).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Башкалардын ийгилигин көрө албаган, өзүнөн башкаларга жакшылык каалабаган, өзүмчүл. Ичи тар, кара мүртөз ата-бабаларынан берки сөөлөтүн казалга айлантпасыңды билип ызырынууда (Бейшеналиев). Сенин ичиң тар, өзүмчүлсүң (Бердикеев). Өзү чогоол, ичи тар, Көңүлүндө кири бар (Жантөшев). Жолдош болом дебегин, Эзелден ичи тар менен (Барпы). 2. Кызганчаак, абдан кароо, териси тар. Менин ичим тар, байкап жүр деп, күлүп койду («Чалкан»).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
1. Башкалардын ийгилигин, жетишкендерин көрө албагандык, бирөөлөргө жакшылык каалабагандык, жетишкендик өзүндө гана болсо дегендик, бөлөктөргө ийгилик каалабагандык. Жарашпас ичи тардык азаматка Тар болбо, тардык жаман тирүү чакта (Осмонов). Ал эми кек алмакка же ичи тардыкка жеңдирип туруп жазгандар бар («Чалкан»). Же аз тажрыйбаңарды элге жаюуга ич тардык кыласыңарбы? - деп Маамыт күлдү (Жантөшев). 2. Кызгангандык, өзү жакшы көргөнүн башкалардан коргогондук. Адатынча аялы жөнүндө жаман ой ойлоп, ичи тардык кылды (Сыдыгалиев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
1. Башкалардын ийгилигин, жетишкендерин көрө албагандык, бирөөлөргө жакшылык каалабагандык, жетишкендик өзүндө гана болсо дегендик, бөлөктөргө ийгилик каалабагандык. Жарашпас ичи тардык азаматка, Тар болбо, тардык жаман тирүү чакта (Осмонов). Ал эми кек алмакка же ичи тардыкка жеңдирип туруп жазгандар бар («Чалкан»). Же өз тажрыйбаңарды элге жаюуга ич тардык кыласыңарбы? – деп Маамыт күлдү (Жантөшев). 2. Кызгангандык, өзү жакшы көргөнүн башкалардан коргогондук, Адатынча аялы жөнүндө жаман ой ойлоп, ичи тардык кылды (Сыдыгалиев). В.: Ичи тарлык. Андан бери Гүлай мени менен, Сабыйра Карим менен бийлесинчи. Ичи тарлыгыңар жокпу, Керим? – деп Сатар күлдү («Ала-Тоо»). Ич тардык. Адилеттик менен да, ич тардык менен да күңкүлдөшөт (Осмоналиев). Ич тарлык. Ич тарлык элин дагы кеңейтпейт, жерин дагы кеңейтпейт (Осмоналиев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Бирөөдөн кагуу жеп же бирөөгө жаман көрүнүп, бирөөнүн көзү тийип калбаса экен деген мааниде аны аёо, ага жамандыкты ыраа көрбөө иретинде колдонулат. Бала туруп чоң кишинин айтканын айтса, ичим тартынат («Ала-Тоо»). «Ушундай да моокум канбаган адам болобу?» - деп ойлоп бара жатты Төлөмүш аялынын суктануусуна ичи тартынып (Бердикеев). Чоюбек жетине да албай, ичи да тартына калдастады (Бейшеналиев). -Баланча акчабыз бар, - деп ал аялына айткандан ичи тартынат (Ашымбаев). Муну кез-кез кулагы чалган Кулкан кемпирдин ичи тартынчу (Өмүрбаев).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Бирөөдөн кагуу жеп же бирөөгө жаман көрүнүп, бирөөнүн көзү тийип калбаса экен деген мааниде аны аео, ага жамандыкты ыраа көрбөө иретинде колдонулат. Бала туруп чоң кишинин айтканын айтса, ичим тартынат («Ала-Тоо»). «Ушундай да моокум канбаган адам болобу?» – деп ойлоп бара жатты Төлөмүш аялынын суктануусуна ичи тартынып (Бердикеев). Чоюбек жетине да албай, ичи да тартына калдастады (Бейшеналиев). – Баланча акчабыз бар, – деп ал аялына айткандан ичи тартынат (Ашымбаев). Муну кез-кез кулагы чалган Күлкан кемпирдин ичи тартынчу (Өмүрбаев).

Фразеологический словарь кыргызского языка (2015)
Башкаларга жакшылык кылгысы келбөө, ийгилигин көрө албоо. Байымбет болсо, анын бул түрпүн жайлоодогу дуулдагандарга ичи тарып жатат дегендей боолголоду (Бейшеналиев). Ушулардын баарын байкап, Абил бийдин кайта ичи тарып кетти (Касымбеков).

Толковый словарь кыргызского языка. 2015
Башкаларга жакшылык кылгысы келбөө, ийгилигин көрө албоо. Байымбет болсо, анын бул түрпүн жайлоодогу дуулдагандарга ичи тарып жатат дегендей боолголоду (Бейшеналиев). Ушулардын баарын байкап, Абил бийдин кайта ичи тарып кетти (Касымбеков). Ичи тардыгуу. Өзүн амалдуу, кыйын эсептеген Касымбектин ичи тардыгып терикти (Бейшеналиев).